2022-04-18


Факультетибиздин окутуучуларынан коомго кызмат


2022-жылдын 12-апрелинде университетибиздин окутуучулары КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук коммисиясынын адистери менен биргеликте Жайыл районундагы орто мектептердин кыргыз тили жана адабияты мугалимдерине жана Кара-Балта шаарынын мэриясынын кызматкерлерине иш кагаздары боюнча семинар-тренинг өтүп келишти. Синхрондук котормо бөлүмүнүн окутуучулары Мухиттин Гүмүш катышуучуларга университетибиз тууралуу маалымат берип, тилдерди үйрөтүүдөгү негизги жөндөмдөр тууралуу доклад жасады. Ф.и.к. Калия Кулалиева университет тарабынан чыгарылып жаткан китептер менен тааныштырып, тил үйрөтүү үй-бүлө, бала бакча жана башталгыч мектептен башталышы керектиги тууралуу айтып берди. Семинарга катышкан мугалимдерге жана мамлекеттик кызматкерлерге иш кагаздары жана кыргыз тилин үйрөтүү боюнча жардамчы окуу-методикалык куралдар белекке берилди.