2021-12-27


Манастын тарыхчылары билим таймашында жеңүүчү болду


2021-жылдын 25-декабрында И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин “Билге” студенттик уюму тарабынан Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына, Ж. Абдрахманов жана К. Тыныстановдун 120 жылдыгына карата билим таймашы өткөрүлдү. Аталган жарышка Бишкек шаарындагы жогорку окуу-жайларынан келген 30 топ катышты. КТМУ Тарых бөлүмүнүн студенттери Исламидин Нурдинов, Темирлан Кенжебек уулу, Айсулуу Мамадалиева, Алимбаева Нуризадан турган топ 1-орунду, ал эми Эргешали кызы Уулай, Насиров Исхак, Кадыркулова Майрам, Сүйүналы уулу Азаттан турган топ 2-орунду алышып, тиешелүү дипломдор менен сыйланышты. Студенттерибизди куттуктап, окууларына ийгилик каалайбыз!