2024-02-29


Спорттогу ийгилик!


2024-жылдын 12-14-февралында Бишкектеги жогорку жана кесиптик орто окуу жайлары арасында «Ден соолук – 2024» спартакиадалык оюндары өткөрүлдү. Бул мелдешке Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин командалары да жигердүү катышышты. Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин гуманитардык факультетинин тарых бөлүмүнөн доц. м. а. Роза Абдыкулова, филология бөлүмүнөн окутуучу Наталья Йанкын стол үстүндөгү теннис боюнча күч сынашты. Кесиптештерибиз катышкан команда стол үстүндөгү теннис категориясында 3-орунга татыктуу болушту. Кесиптештерибизди жеңиши менен куттуктап, аларга ийгилик каалайбыз!