2019-04-23


Новатор педагог Гапыр Мадаминов студенттерге семинар берди.


Педагогика бөлүмүнүн  «Психологиялык–педагогикалык кеңеш жана көмөк» адистигинин кесиптик жана инсандык жактан өнүгүү семинарларына билим берүү тармагында бай тажрыйбага ээ таанымал инсандарды чакыруу салтка айланган. Ушундай семинарлардын бирин 2019-жылдын 23-апрелинде Кыргыз Республикасынын Эмгек сиӊирген мугалими Баткен областынын Лейлек районуна караштуу №3-эксперименталдык гимназия-мектебинин директору Гапыр Мадаминов берди. Семинарды бөлүм башчысы проф., докт. Акматали Алимбеков семинарды ачып жатып,  Гапыр Мадаминовдун республикалык масштабдагы даӊазага ээ болгон новаторлук ишмердүүлүгүнүн натыйжалары туралуу кыскача маалымат берди. Гапыр Мадаминов интерактивдүү методдорду колдонуп, аудиторияны активдүү катыштыруу аркылуу ѳзүнүн ийгиликтеринин сырларын ачып берди жана болочок адистерди мектеп деген куттуу мекемеде чын ыкластан иштѳѳгѳ чакырды. Семинардын соӊунда Гапыр Мадаминовго  бөлүм башчысы  жана окутуучулар жамааты  студенттер үчүн мазмундуу жана кызыктуу семинар өткөрүп бергендиги үчүн университеттин атынан терең ыраазылык билдиришти.