2019-12-10


2019-2020 Бөлүмдүн студенттер өкүлдөрүн шайлоо


Бөлүмдүн студенттер өкүлдөрүн шайлоонун алдында, 2019-жылдын 3-октябрында талапкерлер жана алардын программалары менен тааныштыруу максатында студенттердин жолугушуусу болду. Анда талапкерлер – 2-курстун студенти Фуркан Эсад Айдын, 1-курстун студенттери Сезим Бактыбек кызы жана Кантемир Закиров өздөрүнүн келечекке болгон перспективдик көз караштары жана пландары менен бөлүшүп, программалары менен тааныштырышты.

    

Айта кетчү нерсе, талапкерликке арыз бергендердин бирөө баш тарткан. Ал эми өзүн талапкер катары алып чыккандыгы менен, арызын тиешелүү формада бекитпегендиги үчүн дагы бир студенттибиз шайлануу укугунан ажыраган.

Ошентип 2019-2020-окуу жылы Студенттер өкүлдөрүн жана студенттик кеңешке шайлоо календарына ылайык 2019-жылдын 7-октябрында бөлүмүбүздүн (Психологиялык-педагогикалык кеңеш жана көмөк программасынын) өкүлдөрүн шайлоо өттү. Эки талапкер көрсөтүлүп, экөөнө тең дээрлик бирдей добуш берилип, факультет өкүлүн шайлоо туруна жолдомо алышты.