2021-01-21


"ЖЕЛАЛИДДИН РУМИ МЕВЛАНАНЫН ТААЛИМ-ТАРБИЯ ТУУРАЛУУ КӨЗ КАРАШТАРЫ" китеби


Автору: Кыргыз-Түрк Манас университетинин, Гумнитардык факультетинин, Педагогика бөлүмүнүн башчысы, п.и.д., профессор Акматали Алимбеков

Китепте мындан 800 жыл мурда жашап өткөн, суфий педагогикалык агымынын ири өкүлү Желалиддин Руми Мевлананын өмүр таржымалы, чыгармачылыгы, адамдын табияты, тарбиянын маңызы, мугалимге коюлуучу талаптар, билим берүүдө жетекчиликке алынуучу принциптер тууралуу күнү бүгүнкүдөй күчүн жогото элек көрөгөчтүк менен таамай айткан ойлору, осуяттары учкай талдоого алынган. Ошону менен бирдикте бир катар икаяларынын ичинде катылган руханий - ыймандык сабактар чечмеленген.

Эмгек жогорку окуу жайлардын мугалимдик адистиктерин үйрөнүүчүлөргө, мектеп мугалимдерине арналат.