2022-03-22


Новатор педагог Гапыр Мадаминов студенттерге семинар берди


Педагогика бөлүмүнүн  «Психологиялык–педагогикалык кеңеш жана көмөк» адистигинин кесиптик жана инсандык жактан өнүгүү семинарларына билим берүү тармагында бай тажрыйбага ээ таанымал инсандарды чакыруу салтка айланган. Бул салтты улай, 2022-жылдын 22 - мартында Кыргыз Республикасынын Эмгек сиӊирген мугалими Баткен областынын Лейлек районуна караштуу №3 эксперименталдык гимназия-мектебинин директору Гапыр Мадаминов агай менен биргеликте семинар уюштурулду. Семинар онлайн форматта өткөрүлдү. Семинарды бөлүм башчысы проф., докт. Акматали Алимбеков ачып жатып,  Гапыр Мадаминовдун республикалык масштабдагы даӊазага ээ болгон новаторлук ишмердүүлүгүнүн натыйжалары туралуу кыскача маалымат берди. Гапыр Мадаминов студенттер менен өзүнүн көп жылдык тажрыйбасы менен бөлүшүп, билим берүү айдыңында актуалдуу болуп жаткан маселелер тууралуу сөз кылды.  Мугалимдик кесиптин күңгөй-тескейин ачыктап, болочок адистерди мектеп деген куттуу мекемеде чын ыкластан иштѳѳгѳ чакырды жана өзүнүн кеп-кеңештери менен бөлүштү.