2022-06-02


I ЭЛ АРАЛЫК "МАНАС" ПЕДАГОГИКАЛЫК ИЗИЛДӨӨЛӨР КОНГРЕССИ уюштурулду


2022-жылдын 27-29-майында Карабүк университетинин (Түркия) жана Бинали Йылдырым атындагы Эрзинжан университеттеринин (Түркия)  колдоосу менен Кыргыз-Түрк “Манас” университети жана К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университети тарабынан I Эл аралык “Манас” педагогикалык изилдөөлөр конгресси уюштурулду. Конгрессте Түрк дүйнѳсүнүн билим берүү чѳйрѳсүндѳгү илимий  изилдѳѳлѳр, практикалык тажрыйбалар, проблемаларды  ортого коюу, талкуулоо жана сунуштарды иштеп чыгуу максат кылынган.

 Конгрессте 7 өлкөдөн (Кыргызстан, Түркия, Казакстан, Азербайжан, Өзбекстан, Россия, Беларусь) жалпысынан 28 университеттен 101 офлайн жана 36 онлайн форматта изилдөөчүлөрдүн докладдары сунушталды.

Конгресс 27-май жума күнү онлайн, 28-май ишемби күнү офлайн режиминде Каракол шаарындагы К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинде өткөрүлдү.

Конгресстин онлайн форматы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору проф., докт. Алпаслан Жейлан, К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин ректору проф., докт. Аскарбек Иманбаев, Карабүк университетинин ректору проф., докт. Рефик Полат жана Эрзинжан Бинали Йылдырым университетинин ректору проф. докт. Акын Левент агайларыбыздын ачылыш сөздөрү менен башталып, андан соң конгресс отурумдарына кезек берилди.

    

Конгресстин оффлайн форматын КТМУнун гуманитардык факультетинин деканы проф., докт. Ахмет Беше, КТМУнун гуманитардык факультетинин педагогика бөлүмүнүн башчысы п.и.д. профессор Акматали Алимбеков, Каракол шаарынын мэри Эрмат Жумаев жана К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин ректору проф., докт. Аскарбек Иманбаевдин ачылыш сөзү менен, Каракол шаарындагы К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинде уланып, катышуучулардын баяндамалары угулду. Конгресстин соңунда конгресстин катышуучуларына катышуу сертификаттары, ал эми конгресстин уюштурулушуна салым кошкон тараптарга ыраазычылык баракчалары тапшырылды.