2023-10-05


"Кош келдиң 1-курс" иш-чарасы уюштурулду


Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин Гуманитардык факультетинин Педагогика бөлүмү Педагогикалык-психологиялык кеңеш жана көмөк бакалавриат программасынын 1-курсунун студенттерин университет менен тааныштыруу жана жайгаштырылган бөлүм тууралуу маалымат берүү максатында  "Кош келдиң 1-курс" программасы Доц. Докт. Эркан ЭФИЛТИ жетекчиси болгон 4-курстун студенттери тарабынан уюштурулду.

Бул программа студенттерибиздин университеттин жашоосу жана бөлүмү менен жакындан таанышуусу, Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин студенти болуунун маанилүүлүгүн түшүнүү жана ППКК бөлүмү тууралуу маалымат берүү үчүн уюштурулган. Программанын алкагында Гуманитардык факультеттин деканынын орун басары, Доц., м. а. Кайрат БЕЛЕК ачылыш сөзүн сүйлөп иш-чараны ачып берди. Андан соң, бөлүм башчысы Проф., Докт.  Акматали АЛИМБЕКОВ баш болгон кафедранын профессордук-окутуучулук курамы жана конок катары чакырылган бүтүрүүчүлөрү кафедра тууралуу маалымат беришип, каалоо-тилектерин айтышты.

Программа оюн-зоок менен уланып, акырында 1-курстун студенттерине чакан белектер тапшырылды.