2025-12-18


Даярдоо курсу студенттери менен Педагогика бөлүмүнүн тааныштыруу жолугушуусу өткөрүлдү


Педагогика бөлүмү 2025-жылдын 10-декабрында Педагогикалык-психологиялык кеңеш жана көмөк программасы даярдоо курсунун студенттери менен жолугушуп, тааныштыруу жана маалымат берүү максатында иш-чара уюштурду.

Иш-чарага бөлүм башчысы Проф. д-р Йүжел Өксүз жана Проф. д-р Сүлейман Барбарос Ялчын катышып, бөлүмдүн тарыхы, мааниси, Кыргызстандагы орду жана академиялык процесстери тууралуу кеңири маалымат беришти.

Бул жолугушуу студенттердин бөлүм жана академиялык процесстер боюнча маалымдуулугун жогорулатып, академиялык жана социалдык адаптациясын колдоого өбөлгө түздү.