2026-04-22


Педагогика бөлүмүндө Гапыр Мадаминов менен «Билим алууну үйрөн» темасында жолугушуу өткөрүлдү


15.04.2026 күнү Педагогика бөлүмүндө новатор педагог Гапыр Мадаминов менен студенттердин катышуусунда «Билим алууну үйрөн» темасында жолугушуу уюштурулду.

Жолугушууда Мадаминов студенттердин өз алдынча билим алуу көндүмдөрүн өнүктүрүүнүн маанисине токтолуп, билим алуу процесси бир гана аудитория менен чектелбеши керектигин белгиледи. Ал өз баяндамасында студенттер билим алуу процессин туура пландап, маалыматты талдап, аны терең түшүнүп жана узак убакытка сактай билиши керектигин айтты.

Сүйлөшүүнүн алкагында студенттердин өз алдынча иштөө адаттарын калыптандыруу, окуу процессинде активдүү роль ойноосу жана ар түрдүү окуу ыкмаларын натыйжалуу колдонуу маселелери каралды. Ошондой эле курстук иш, долбоор жана дипломдук ишти даярдоодо системалуу иштөөнүн маанилүүлүгү баса белгиленди.

Мадаминов «Билим алууну үйрөн» ыкмасынын алкагында схема, таблица жана диаграммаларды колдонуу материалды жакшы өздөштүрүүгө жардам берерин айтып, тез окуу, түшүнүү жана талдоо көндүмдөрүн өнүктүрүү боюнча сунуштарын берди. Мындан тышкары студенттердин өз билимин талдап, себеп-натыйжа байланышын аныктап, үзгүлтүксүз кайталоо жүргүзүүсү окуудагы ийгиликти арттырарын белгиледи.

Баяндамада ошондой эле студенттердин аналитикалык ой жүгүртүүсүн, көйгөй чечүү жөндөмдөрүн жана өз алдынча билим алуу адаттарын өнүктүрүү академиялык жана кесиптик жактан маанилүү экени баса белгиленди. Мадаминов билим алуу жеке жоопкерчиликти талап кыларын айтып, студенттерди бул процессти аң-сезимдүү башкарууга чакырды.

Жолугушуу студенттердин суроолоруна жооп берүү менен жыйынтыкталды. Иш-чаранын соңунда Гапыр Мадаминовго ыраазычылык каты тапшырылды.