2026-04-22
Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайлары арасында өткөрүлгөн Универсиада оюндарынын 1-лигасындагы баскетбол мелдешинде Кыргыз-Түрк Манас университети биринчи орунду ээледи.
Мындан тышкары, кыздар арасында өткөрүлгөн 3x3 баскетбол боюнча факультеттер аралык мелдеште Гуманитардык факультет биринчи орунду алды.
Эки мелдешке тең катышкан Педагогика бөлүмүнүн Психологиялык кеңеш берүү жана көмөк программасынын 2-курс студенти Акмарал Токушева университеттер аралык мелдеште университеттин атынан, ал эми факультеттер аралык мелдеште Гуманитардык факультеттин атынан чыгып, эки ийгиликке жетишти.
Алынган жыйынтыктар университет жана факультет деңгээлинде маанилүү ийгилик катары бааланды.
.jpeg)
