2025-11-13


Хэллоуин стилиндеги «Кош келдиң» программасы


6-ноябрда филология бөлүмүнүн англис тили жана адабияты программасынын 4-курсунун студенттери биринчи курс үчүн салттуу "Кош келдиң" программасын Хэллоуин стилинде уюштурду. Аудитория майрамдык түрдө тематикалык стилде кооздолду, ал эми бардык катышуучулар ар түрдүү костюм кийип келип, факультеттин жаңы студенттери үчүн унутулгус атмосфера жаратты.

Эӊ активдүү катышуучулар үчүн сыйлыктар берилген интерактивдүү оюндарды камтыган көңүл ачуу программасынан тышкары, уюштуруучулар биринчи курстар менен академиялык алмашуу программалары жана чет өлкөлөрдө иштөө мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө пайдалуу маалыматты бөлүштү. Бүтүрүүчү курстун студенттеринин чыгармачыл мамилеси иш-чаранын жылуу атмосферада өтүшүн, жана ар кайсы курстардын студенттеринин бири бири менен таанышуусун камсыз кылды.