2024-04-29


Студенттерибиздин "Кытай көпүрөсү" аттуу конкурстагы ийгилиги


 

2024-жылдын 27-апрелинде ОшМУда Кыргызстандагы жогорку окуу жайлардын студенттери үчүн “Кытай көпүрөсү” аттуу 23-кытай тили конкурсунун финалы өттү, конкурска жалпы Кыргызстандагы ЖОЖдордон 14 студент катышты. Филология факультетин кытай тили жана адабияты программасынан үч студент катышып, алардын ичинен 1-курстун студенти Үмүт Алмазбек кызы 2-орунду, 3-курстун студенти Нуриса Бейшекеева 3-орунду, 2-курстун студенти Акак Кубан кызы кызыктыруучу сыйлыкка ээ болушту. Студенттерибизди куттуктап кытай тилин үйрөнүүдө мындан аркы ийгиликтерди кааламакчыбыз!