2024-02-22


Орхун программасы- жаркын келечек!


2024-жылдын 21-февралында филология  бөлүмүнүн орус тили жана адабияты программасында Орхун алмашуу программасы боюнча студенттердин окуусунун жыйынтыгы жана мугалимдердин иши боюнча студенттик семинар болуп өттү. Филология илимдеринин кандидаты  Е.И. Жоламанова Эл аралык Хожа Ахмет Ясави Казак-Түрк университетинде аткарган иштери тууралуу айтып берди. Ага кошумча,  3-курстун студенттери Жаннат Кочкорбаева менен Үмүт Искендерова да бул окуу жайда билим алуу тууралуу өз ойлорун айтышты. Ал эми Нурдана Нурбек кызы Баку мамлекеттик университетиндеги окуу, шаардагы жашоо тууралуу кенен айтып берди. Семинар жандуу, чыгармачылык чөйрөдө өтүп, бөлүмдүн студенттеринин арасында чоң кызыгууну жаратты.