2023-02-27


M-Vector эл аралык изилдѳѳ жана консалтинг компаниясынын Сапатты кѳзѳмѳлдѳѳ бѳлүмүнүн жетекчиси Жамила Молдокеримова менен жолугушуу


M-Vector эл аралык изилдѳѳ жана консалтинг компаниясынын Сапатты кѳзѳмѳлдѳѳ бѳлүмүнүн жетекчиси Жамила Молдокеримова Кыргыз-Түрк Манас университетинин Социология бѳлүмүнүн студенттери, магистранттары жана докторанттары менен жолугушуу ѳткѳрдү.

Жолугушуунун максаты:

- M-Vector компаниясын тааныштыруу (компаниянын кыскача тарыхы, изилдѳѳлѳрү)

- Социологиялык изилдѳѳ компаниялары/борборлору ишке алып жатканда коюлган талаптар (M-Vector компаниясынын мисалында)

- Академиялык билим менен иш учурундагы айрым артыкчылыктар жана кемчиликтер туурасында кеңири маалымат берилди.

Жыйынтыгында студенттердин, магистранттардын, докторанттардын суроо-жооптору убакыт берилди.