2023-03-31


"Кыргыз адабияты эгемендүүлүк жылдарында" аттуу семинар


30-март күнү саат 16.05те Гуманитрадык факультеттин № 229 жыйындар залында Түркология бөлүмүнүн окутуучусу ф.и.д., проф. Лайли Үкүбаеванын "Кыргыз адабияты эгемендүүлүк жылдарында" аттуу семинары болуп өттү. Семинарда кыргыз адабиятынын 1991-жылдан берки абалы, андагы жалпы тенденциялар, адабий процесстер тууралуу сөз болуп, бул жылдарда жазылган чыгармалардан тийиштүү мисалдар келтирилди.