2023-05-30


"Азыркы кыргыз тилиндеги этнографизмдер" аттуу семинар


2023-жылдын 11-майында саат 16.00дө Экономика жана башкаруу факультетинин 229-жыйындар залында Түркология бөлүмүнүн окутуучусу Доц. Др. Таалайбек Абдиевдин "Азыркы кыргыз тилиндеги этнографизмдер" аттуу семинары болуп өттү. К.К.Юдахиндин 1965-жылы жарык көргөн «Кыргызча-орусча сөздүгү» жөн гана кош тилдүү котормо сөздүк эмес, кыргыз тилин, дүйнө таанымын, маданиятын, каада-салтын чагылдырган энциклопедиялык эмгек экени жалпыбызга маалым. Бул жолу биз атактуу лексикографтын эмгегиндеги этнографиялык маалыматтарды камтыган сөздөр, башкача айтканда, этнографизмдер жөнүндө кеп кылдык, анткени алар эл оозунан дээрлик бир кылымдай мурун жыйналгандыктан, бүгүнкү кыргыз элинин этнографиясын изилдөөчүлөр үчүн баа жеткис булак болуп берери шексиз. Семинарда ушул маселелер тууралуу кеңири маалымат берилди.