Факультетибиздин Гастрономия жана кулинардык искусство бөлүмүнүн 2-курс студенттеринин арасында “Жаш ашпозчулар” аттуу тамак-аш сынагы өткөрүлдү. Катышуучулар 3–4 адамдан турган чакан топторго бөлүнүп, ичинде кандай азыктар бар экенин алдын ала билбеген “кара куту” алышты. Сынактын катышуучуларына меню түзүү үчүн беш мүнөт, андан соң негизги тамак, салат жана таттуу даярдоо үчүн бир саат убакыт берилди.
Калыстар тобу жергиликтүү жана чет өлкөлүк белгилүү ашпозчулардан түзүлдү. Калыстар тобунун курамында Берик Эгинбаев (Kumtor Gold Company башкы ашпозчусу), Мустафа Йылдырымоğlu (Sheraton Bishkek мейманканасынын башкы ашпозчусу) жана Жахит Коркмаз (Novotel Bishkek City Center мейманканасынын башкы ашпозчусу) болду. Калыстар сынактын уюштурулуш деңгээлин жана студенттердин кесиптик жөндөмдөрүн жогору баалашты.







