2026-07-16

Деканыбыз проф. д-р Нурудин Кыдыралиев Sputnik Кыргызстан радиосунун коногу болду


Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Туризм факультетинин деканы профессор Нурудин Кыдыралиев Sputnik Кыргызстан радиосунда болуп, кыргыз элинин байыркыдан бери колдонуп келген кымыз, жарма, максым, бозо ж. б. улуттук суусундуктарынын келип чыгуу тарыхы, даярдоо ыкмасы, пайдасы жана элибиздин турмушундагы орду тууралуу маек куруп келди.