2019-02-06


1-Евразиялык “Казан-Мангал” таймашында жетишкендиктерибиз


Кыргызстан-Түркия Манас университетинин (КТМУ) Туризм жана мейманкана иштетүү жогорку мектеби студенттери ийгилигине жаңысын кошту.

2017-жылдын 4-5-майында Бишкек шаарында биринчи жолу өткөн Дүйнөлүк ашпозчулар ассоциациясынын (WACS) мүчөсү Кыргызстан ашпозчулар ассоциациясы тарабынан уюштурулган Евразиялык «Казан-Барбекю» сынагында Туризм жана мейманкана мектебинин студенттери Жетекчилик, Айнура Мамадалиева, Эйюп Картал, Таңшоола Акызыз жана Аклай Аширбаева түзгөн команда эт жана балык категориясында коло медалга ээ болушту.
Сынакка Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстандан кесипкөй ашпозчулар жана жаш ашпозчу талапкерлерден турган жалпы 50 адам катышты.
Сынактын калыстар тобунун төрагасы Кыргызстанга атайын чакыруу менен келген WACS президенти Томаш Гуглер болду. Калыстар тобунун курамына Азербайжандын, Казакстандын жана Өзбекстандын ашпозчулар ассоциациясынын президенттери кирди.
КТМУ Туризм жана мейманкана иштетүү жогорку мектебинин директору доц. д-р. Барыш Эрдем гастрономия маданияты жана ага байланыштуу көркөм иш-чаралар дүйнө жүзү боюнча барган сайын кеңири жайылууда. доц. д-р. Барыш Эрдем мындай иш-чараларда КТМУнун атынан чыгып, ар бир жолу ар кандай сыйлыктарды алуу кубанычтуу экенин белгиледи. доц.  Эрдем бул ийгилигин келечекте эл аралык деңгээлде улантуу үчүн аракет кыла тургандарын белгиледи.