2019-12-09


Мастер класс- Steak


2019-ж 9 декабрь куну Бишкек шаарындагы эң белгилүү Тюбетейка ресторанынын баш-ашпоозчу жана Кыргызстан ашпоозчулар ассоциациясынын башкан жардамчысы Андрей Буренко мырза Ресторан иши жана кулинардык өнөр бөлүмүнүн студенттерине Стейктерди бышыруу боюнча кызыктуу мастер класс өткөздү. Студенттер T-bone steak, Rye Bay Steak, Filet Mignon Sirloin Steak аттуу стейктердин түрлөрү менен таанышып, бышыруу ыкмаларын көрүштү. Бул иш-чараны уюштурган бөлүмдүн ага окутуучусуна Сапаргуль Турдубековага жана Андрей Буренкого студенттер алкыш айтып ыраазычылыктарын билдиришти. Студенттер мастер класс соңунда жасалган стейктердин даамын көрүштү.