2021-12-24
2021-ж 1 декабрь куну "Ийгиликтүү чарба" ишканасынын технологу жана Кыргызстан ашпоозчулар ассоциациясынын мүчөсү Илхом Икрамов мырза Ресторан иши жана кулинардык өнөр бөлүмүнүн студенттерине Стейктерди бышыруу боюнча кызыктуу мастер класс өткөздү. Студенттер T-bone steak, Rye Bay Steak жана Cowboy Steak стейктердин түрлөрү менен таанышып, бышыруу ыкмаларын жана өзгөчөлүктөрүн көрүштү. Бул иш-чараны уюштурган бөлүмдүн ага окутуучусуна Надира Турганбаева жана Илхом Икрамовго студенттер алкыш айтып ыраазычылыктарын билдиришти. Студенттер мастер класс соңунда жасалган стейктердин даамын көрүштү.