2021-12-24


ОНЛАЙН СЕМИНАР “COVİD-19 МЕГИЛИНДЕ МЕНЮ ПЛАНДОО ЖАНА ТАМАК ФОТОГРАФИЯСЫ”(06/12/2021)


2021-жылдын 4-декабрында Туризм факультети Ресторан иши жана кулинардык бɵлүмүнүн ага окутуучусу э.и.к  Гулмира Саматованын модераторлугу астында "Ковид 19 убагында меню пландоо жана тамак-аш фотографиясы" аттуу онлайн семинар ɵткɵрүлдү. Семинардын спикеры катары Туркия Афьон Кожатепе университетинин ашпозчулук программасынын окутуучусу  Др. Эрхан Бабач болду.

Семинардын ачылыш сөзүндө туризм факультетинин деканы Проф.Др. Ясин Бойлу семинардын темасы актуалдуу болгондугун жана Ковид-19 дүйнө жүзүндөгү кызмат кɵрсɵтүү тармагына, өзгөчө туризм жана ресторан секторлоруна терс таасирин бергендигин белгиледи. Ресторан секторунун нормалдаштыруу процессинде сектордук стимул механизмдери иштелип чыгышы керектигин жана бул пандемия процессинде менюну пландаштыруунун маанисинин жогорулаганын айтты.

Семинардын коногу Афьон Кожатепе университетинин ашпозчулук программасынын ага окутуучусу Др. Эрхан Бабач, Covid 19 пандемиясынын тамак-аш кызматы секторуна тийгизген таасиринин алкагында тамак-аш кызматы ишканаларында меню пландоо процесстери жана негизги тамак-аш фотографиясы жөнүндө маалымат берди.