2022-04-21


"КОЙДУН БАШЫН БӨЛҮҮ" ПРАКТИКАЛЫК СЕМИНАР


Бүгүн 2022-жылдын 21-апрелинде ага окутуучу Сапаргүл Турдубекованын демилгеси менен GMS-310 группасына Кыргыз жана түрк ашканасы сабагы боюнча ачык сабак  өткөрүлдү. Бул сабакка “Кыргыз бол” долбоорунун жеңүүчүсү, ветеринария адиси, эл агартуунун мыктысы  Мадин Итикеев чакырылды.  Ардактуу коногубуз Мадин Итикеев “Койдун башын бөлүү” деген теманын алкагында студенттерге “койдун башын тартуу жана аны бөлүү” маданиятын кеңири түшүндүрүп берди. Сабакта жалпы туризм факультетинин мугалимдери жана студенттери да катышып, кызыктуу суроолорду беришип, сабак жандуу өттү.  Сабактын аягында Туризм факультетинин жетекчилиги тарабынан Мадин Итикеевге “Ыраазычылык  барагы” тапшырылды. 

Алтындай убактысын бөлүп, кийинки муундарыбызга кыргыз ашканасы тууралуу маек куруп берген Мадин Итикеевге Туризм факультетинин жетекчилиги тарабынан терең ыраазычылык билдиребиз.                Арабызда биздин каада-салтыбызды билген адамдарыбыз бар болсун!