2022-11-29


КЫРГЫЗСТАН АШПОЗЧУЛАР АССОЦИАЦИЯДАН МАСТЕР КЛАСС (22/11/2022)


2022-ж 22 ноябрь куну "Saffran" тез татым чынжыр ресторандардын баш ашпозчу жана Кыргызстан ашпоозчулар ассоциациясынын мүчөсү Илхом Икрамов мырза Ресторан иши жана кулинардык өнөр бөлүмүнүн студенттерине Стейктерди бышыруу боюнча кызыктуу мастер класс өткөздү. Студенттер T-bone steak жана Cowboy Steak  стейктердин түрлөрү менен таанышып, бышыруу ыкмаларын жана өзгөчөлүктөрүн көрүштү. Бул иш-чараны уюштурган бөлүмдүн ага окутуучусуна Надира Турганбаева жана Илхом Икрамовго студенттер алкыш айтып ыраазычылыктарын билдиришти. Студенттер мастер класс соңунда жасалган стейктердин даамын көрүштү.