2022-11-29


КЫРГЫЗСТАН АШПОЗЧУЛАР АССОЦИАЦИЯДАН МАСТЕР КЛАСС 24/11/2022


 2022-жылдын 17-ноябрь күнү Ресторан иши жана кулинардык өнөр бөлүмүнүн ага  окутуучусу Сапаргүл Турдубекованын чакыруусу боюнча Тамак даярдоо негиздери сабагынын алкагында Кыргызстандын ашпозчулар ассоциациясынын төрагасы Шукрат Шарипов Туризм факультетине чакырылды. Бөлүмдүң студенттерине "Steak"мастер-классын көрсөттү.  Шухрат Шарипов этти туура тандоо жана ыңгайлуу бышыруу ыкмаларын, соустарды тандоо тууралуу маалыматтары менен бөлүшүштү. "Ноазет", "Каймак", "Дапанжи" соустарын жасоонун сырлары менен бөлүштү. Студенттер менен эт тамактарына гарнирлерди даярдоонун ылайыктуу ыкмалары, эт тамактарын кооздоонун сырлары менен бөлүштү. Сабактын аягында студенттер даярдалган тамактары менен бирге даамын татып көрүштү.