2023-10-19


“Тамактануу ишканаларына кадрларды даярдоонун учурдагы абалы” тегерек стол (19/10/2023)


2023-жылдын 19-октябрында Эл аралык ашпозчулардын күнүнө карата факультетибиздин Ресторан иши жана кулинардык өнөр бѳлүмү тарабынан “Тамактануу ишканаларына кадрларды даярдоонун учурдагы абалы” аттуу темада тегерек стол өткөрүлдү. Жыйынга Кыргызстандын ашпозчулар ассоциациясынын өкүлү Александр Ипатов, «Хаят» мейманканасынын баш ашпозчусу Айбек Акматов жана кафедранын окутуучулары проф. Нурудин Кыдыралиев, доц. Үмит Сормаз, ага окутуучу Сапаргүл Турдубекова, ага окутуучу Динара Исакова, ага окутуучу э.и.к. Гүлмира Саматова, ага окутуучу Надира Турганбаева катышты. Кыргыз Республикада ЖОЖдагы окутуу программалардын абалы, сектордун талаптары, тамактануу ишканаларда кадрларды даярдоо боюнча маселелерди жана мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу боюнча мүмкүнчүлүктөр талкууланды.