2024-10-22
2024-жылдын 21-октябрында Ресторан иши жана кулинардык ɵнɵр бөлүмүнүн окутуучусу Динара Исакованын уюштуруусу менен GMS-329 “Бар жана миксология” сабагынын алкагында “Миксологиядагы жаңы тенденциялар” аттуу ачык сабак өттү. Сабакка «Хилс» барынан бармен Эльдар Пиранов чакырылып, миксологиянын сырларын көрсөтүп, түшүндүрүп берди. Студенттердин кызыктуу суроолору менен мастер-класс абдан кызыктуу жана жандуу өттү. Студенттер коктейлдерди жасоонун жаңы ыкмаларын үйрөнүп, өздөрүнүн чеберчилигин өркүндөтүштү.