2024-11-21
2024-жылдын 20-ноябрында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Ресторан иши жана кулинардык өнөр бөлүмүндө “ Кулинардык билим берүү: чындыктар жана перспективалар” аттуу тегерек стол болуп өттү. Жеке бизнестин өкүлдөрү Бектурова Н. жана Кыргызстан ашпозчулар ассоциациянын башчысы Шарипов Ш. сектордо персоналдан күтүлүүчү кулинардык билими, эл аралык кызматташтык жана кулинардык фестивалдар, кулинария боюнча сапаттуу окутуучулардын жоктугу баса белгилеп кетишти, андан тышкары Туризм академиясынын ага окутуучусу Кушнарева И.М. кесиптик-техникалык билим берүүнүн көйгөйлөрүн баяндады.
Турдубекова С.У. жана Исакова Д.Б. баяндамасында кулинария боюнча билим берүүнүн негизги көйгөйлөрү аталып, э.и.к. Саматова Г.К. жана Турганбаева Н.К. коомдук тамактануу статистикасынын маселелерин жана сектордун бүтүрүүчүлөргө коюлган талаптарын талкуулады. Профессор Кыдыралиев Н.А. бардык сын-пикирлерди чагылдырып, кулинардык адистерди ийгиликтүү даярдоо үчүн теориялык билимдерди практикалык көндүмдөр менен айкалыштыруунун маанилүүлүгүн баса белгилешти.
Жыйынтыгында катышуучулар өлкөдөгү кулинардык билим берүүнүн сапатын жогорулатуу үчүн билим берүү мекемелери менен бизнес өкүлдөрүнүн мындан аркы кызматташуусу зарыл деген пикирге келишти. Талкуу окуу пландарына жаңы стандарттарды иштеп чыгуу жана киргизүүнүн мүмкүн болгон жолдору боюнча пикир алмашуу менен аяктады.