2025-04-22


"Ресторан иши жана кулинардык өнөр" бөлүмүндө IV студенттик конференция өттү: 21/04/2025


2025-ж 21 апрель күнү "Ресторан иши жана кулинардык өнөр" бөлүмү тарабынан Кыргыз-Түрк Манас университетинин түзүлгөндүгүнүн 30-жылдыгына арналган  IV Студенттик конференция өткөрүлдү. Меймандостук жана ресторан сектору тармагына кызыккан активдүү жана демилгелүү студенттерди бириктирген студенттик конференция ийгиликтүү өттү. Конференцияны бөлүм башчысы проф.т.и.к. Нурудин Кыдыралиевдин куттуктоо сөзү менен ачылып, студенттерде кесиптик ой жүгүртүүнү жана ресторан тармагында ийгиликтүү карьера куруу үчүн зарыл болгон практикалык көндүмдөрдү өнүктүрүүнүн маанилүүлүгү белгиледи. Катышуучулар коомдук тамак-аш чөйрөсүнүн көйгөлөрүнө, тейлөө сапатына болгон заманбап талаптарга жана улуттук ашкананын аймактын имиджин калыптандыруудагы ролуна өзгөчө көңүл бурушту. Иш-чаранын жыйынтыгында мыкты студенттик докладдар аныкталып студенттерге сыйлыктар ыйгарылды.