2025-11-28


Кесиптик экскурсия Кумара этно-чайхана: 20/10/2025, 18/11/2025


2025-жылдын 20-октябрь жана 18-ноябрь күндөрү «Кыргыз даамы» сабагынын алкагында, студенттер жана ага окутуучу Н. Турганбаева менен биргеликте уюштурулган этно-чайхана «Кумарага» болгон окуу саякаты Кыргыз Республикасынын "Улуттук дем - дүйнөлүк бийиктик" улуттук уңгужолунун маңызын мыкты чагылдырган иш-чара болду. Бул эки күндүк экскурсия катышуучуларга кыргыз элинин бай маданияты, терең салттары жана уникалдуу кулинардык мурасы менен жакындан таанышуу мүмкүнчүлүгүн берип, улуттук баалуулуктарды сактоо жана жайылтуу зарылдыгын дагы бир жолу далилдеди.«Кумарага» кирген студенттерди дароо эле улуттук түр менен кооздолгон, жылуу жана меймандос интерьер тосуп алды, ар бир деталь - колго тартылган сүрөттөр, кыргыздын улуттук оймо-чиймелүү шырдактары жана килемдери, керамикалык идиштер жана салттуу жасалгалар - мекемени өзгөчө бир чындык сезимине бөлөп, кыргыздын "улуттук демин" арттырып тургандыгы сезилет. Студенттерди этно-чайхана «Кумаранын» негиздөөчүсү жана таланттуу башкы ашпозчусу Эркин Айдарбеков өзү тосуп алды. Кыргыз ашканасын жана маданиятын сактап, жайылтууга болгон чоң кызыгуусу менен белгилүү болгон Эркин Айдарбеков, студенттерге өз кесибинин башталышы тууралуу кызыктуу баяндарды айтып берди.

Ал салттуу рецепттерди заманбап кулинардык ыкмалар менен айкалыштырып, кантип уникалдуу гастрономиялык долбоорлорду түзгөнү тууралуу баалуу тажрыйбалары менен бөлүштү. Мындан тышкары, ал студенттерге чайхананын кесипкөй ашканасын көрсөтүп, ар бир бөлүмдүн түзүлүшүн, ашкананы уюштуруунун эрежелери жана өзгөчөлүктөрү жөнүндө түшүнүк берди.