2026-03-02
26 февраль факультетибиздин студенттери жана окутуучулары үчүн дүйнөлүк ашпозчулук индустриясынын өкүлү – түркиялык атактуу башкы ашпозчу Эюп Кемаль Севинч менен жолугушуу уюштурулду.
Сапарынын алкагында конок студенттер менен өзүнүн ийгилик жолун бөлүштү – кесипке кандай келип калганы, карьерасынын башталышы жана кандай кыйынчылыктарга туш болгондугу тууралуу айтып берди. Жологушууда Food & Beverage тармагынын келечектеги адистери үчүн практикалык кеңештерге өзгөчө көңүл бурулду.
Жолугушуу жылуу жана шыктандыруучу атмосферада өттү. Студенттер кесиптин өзгөчөлүктөрүн камтыган суроолорун берип, өздөрүнүн профессионалдык өнүгүүсү үчүн дем алышты.
Иш-чара практикалык чебердик сабагы менен жыйынтыкталды. Факультеттин лабораториясында ашпозчу студенттер жана окутуучулар үчүн тамак жасоо ыкмаларын көрсөттү. Бул келечектеги адистерге чеберчиликтин жогорку деңгээлин көрүүгө жана таанылган устаттын тажрыйбасын үйрөнүүгө мүмкүндүк берди.
Мындай иш-чаралар факультетибиздеги билим берүү процессинин ажырагыс бөлүгү болуп саналат. Биздин студенттер лекцияларды угуу менен гана чектелбестен, адистер менен түз баарлашууга, суроолор берип, алардын чебердик сабактарындагы иштерин көрүүгө мүмкүнчүлүк алышат. Конок болуп келген үчүн башкы ашпозчу Эюп Кемаль Севинчке ыраазычылык билдиребиз!

.jpeg)