Кыскача

Евразия тил, тарых жана археология илим-изилдөө институтунун негизги максаты – түрк тилдүү мамлекеттердин, биринчи кезекте Кыргызстан менен Түркиянын аймагында, ошондой эле дүйнөнүн башка өлкөлөрүндө археологиялык изилдөөлөрдү жана казууларды жүргүзүү, музейлерде жана китепканаларда басылмаларды (журналдарды жана китептерди) изилдөө, ушуга окшош ишмердик менен алектенишкен жана ушундай эле максатты көздөшкөн чет өлкөлүк илимий мекемелердин ортосунда кызматташтыкты кеңейтүү, окумуштуулардын таанышуу жана баарлашуусу үчүн чөйрө түзүү, биргелешкен долбоорлорду жүзөгө ашыруу, ишмердиктин төмөнкүдөй түрлөрүн ишке ашыруу:

  1. Социалдык, маданий жана илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү;
  2. Курстарды, семинарларды, конференцияларды, мастер-класстарды, панелдерди, көргөзмөлөрдү, концерттерди жана башка иш-чараларды өткөрүү;
  3. Маалыматтардын, документтердин, сүрөттөрдүн, карталардын ж.б. архивин түзүү;
  4. Илимий изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын жайылтуу максатында гезиттерди, бюллетендерди, журналдарды жана китептерди басып чыгаруу, ошондой эле электрондук материалдарды  чыгаруу;  
  5. Эл аралык иш-чараларга катышуу, чет өлкөлүк ассоциацияларга же уюмдарга мүчө болуу, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, өз ара жардам жана колдоо көрсөтүү;
  6. Илимий жана көркөм конкурстарды, мелдештерди жана көргөзмөлөрдү өткөрүү;
  7. Түрк археологиясы жана көркөм өнөрү жаатында магистрдик, кандидаттык жана докторлук диссертациялардын үстүндө иштеп жатышкан ата мекендик жана чет өлкөлүк окумуштууларды колдоо, жергиликтүү жана чет өлкөлүк университеттердин ортосунда маалымат алмашууга ортомчулук көмөк көрсөтүү.