Кыскача

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин табигый илимдер институтунун миссиясы:


Магистратура жана докторантура программаларында жаңылыктарды жаратуу философиясы менен магистрант, докторанттарыбызга илимий баалуулуктардын негизинде глобалдашкан маселелерди чечүү деңгээлинде билим берүү менен бирге, тез өзгөрүп туруучу шарттарга ыңгайлашкан, жаратман атуул катары технологиялык маалыматтарга ээ, өз кесибинин мыкты адиси болгон, маданий баалуулуктар менен катар, жогорку сапаттуулукка өзгөчө маани берген атуулдарды даярдоо.

Институтубуз - магистратура программасына мыкты студенттерди тандап алуу менен үзгүлтүксүз билим берүүнү көздөйт. Мамлекеттик жана эл-аралык деңгээлде кызматташтык жүргүзүүгө маани берген, учурдун талабына ылайык жаңы программалардын ачылышын колдонуу жана ишке ашырылышын камсыздоону көздөгөн алдыңкы мекемелердин бири болууга аракеттенет.


Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин табигый илимдер институтунун концепциясы:


Институттун концепциясы - коомдогу баалуулуктарга терең маани берген, коомчулуктун пайдасы менен кызматташтарынын ортосундагы өз ара мамиледе түшүнүшүүнү биринчи планга койгон, кызматташтыкта объективдүү принципке таянган, активдүү иш-аракеттерди жүргүзгөн, жаратылышка аяр мамиле жасаган студенттерди өстүрүүнү максат койгон окутуучулук-профессордук курамга ээ, илимде этика принциптерин бийик сактаган, мамлекеттик жана эл-аралык деңгээлдеги илим чөйрөсүнүн сый-урматына арзыган, жогорку сапатта билим берүүнү көздөгөн, жаратман жана абройлуу мекемелердин бирине айлануу.