Мүдүрдөн сөз

Кыргыз Республикасынын учурдун талабына шайкеш, алдыңкы жана жогорку сапатта билим берген жогорку окуу жайларынын катарына кирген Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Табигый илимдер институтунда билим берүүгө, илимий изилдөөлөргө өзгөчө маани берилип, күчтүү профессордук-окутуучулар курамын жана келечегибиздин жаш илимпоздорун даярдоодо.


Табигый илимдер институту бакалавр программасынын бүтүрүүчүлөрүнө оригиналдуу жана сапаттуу илимий изилдөөлөрдү жүргүзө билген көз карандысыз илимпоз болууларына керектүү болгон баардык шарттарды түзүп берген бирден-бир жогорку окуу жайы.


Ошондуктан, магистратура жана докторантура программаларынын милдети өтө маанилүү. Негизги максат - өз тармагында илимий пайдубалга ээ, көз карандысыз, жаратман илимпозду даярдоо.


Бул максатта ачылган  Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Табигый илимдер институту  эки мамлекеттин илимий жетишкендиктерине салым кошууну көздөйт.


Табигый илимдер институтунда компьютердик инженерия, тамак-аш инженериясы жана математика багыттары боюнча магистратура жана докторантура (Ph.D) программалары менен катар өсүмдүктөрдү коргоо, экологиялык инженерия, химиялык инженерия жана биология багыттары боюнча магистратура программалары бар.


Институттун алдына койгон максаты – социалдык баалуулуктарды сактаган, коомдун пайдасын алдыңкы орунга койгон, тең мүмкүнчүлүк принцибин өздөштүргөн жоопкерчиликтүү студенттик жана академиялык курамга ээ болуу менен бирге, илимий этиканын эрежелерин бийик тутуп, мамлекеттик жана мамлекеттер аралык деңгээлдеги билим дүйнөсүнүн кадыр-барктуу, сапаттуу, жаратман жана ишеничтүү жогорку окуу жайы болуу.

Урматтоо менен,

Профессор Исмет Алтынташ
 

Директор