Кыскача

Коомдук илимдер институту Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Окумуштуулар кеӊешинин 17.01.2001 жылдагы № R.30.GS/2001-15-059/062 чечиминин негизинде Камкорчулар кеңешинин 09.04.2001-жылдагы № 2001-4-чечими менен түзүлгөн. 2002-жылы институтта финансы, экономика, менеджмент, журналистика, түркология жана тарых багыттары боюнча магистратура программалары ачылган. Кийинчерээк педагогика, эл аралык мамилелер, социология, мейманкана иши, ислам таануу, англис тили жана адабияты, котормо жана котормо таануу, философия,   дене тарбия жана спорт о.э. финансы жана банк иштери боюнча да магистратура программалары ачылып, билим берүү иш-аракеттери улантылып келет. 2021-2022-окуу жылына карата институтту бүтүргөн  студенттердин жалпы саны 819ду түзөт. Алардын ичинен 640 бүтүрүүчү магистрантура программасын, 104  бүтүрүүчү докторантура жана  75и диссертациясыз магистратура программаларын ийгиликтүү аякташты.  

 

Миссия

Коомдук илимдер институтунун миссиясы - Түрк дүйнөсүнүн, өзгөчө Кыргызстан менен Түркиянын муктаждыктарын канааттандыра ала тургандай билимдүү, жоопкерчиликтүү, жаратман, чыгармачыл ой жүгүртүү мүмкүнчүлүгүнө ээ, тарыхый жана актуалдуу маселелерге илимий чечимдерди сунуштай алган илимпоздорду, окумуштууларды, адистерди жана жетекчилерди даярдап чыгаруу болуп саналат.

Концепция

Институттун концепциясы - Түрк дүйнөсүнүн тээ мурдагы жана учурдагы материалдык жана руханий баалуулуктарын ачып көрсөтө алган, рационалдуу, жаңычыл жана заманбап илимий түшүнүктөр менен канатташ өзүн тынымсыз өстүрүп, илимге, маалымат алмашууга өз салымын кошуп, Түрк цивилизациясынын өнүгүшүнө колдоо көрсөтө алган, Кыргызстандын, Түркиянын жана түрк дүйнөсүнүн алкагында эл аралык деңгээлдеги алдыңкы  катардагы институттардын бири болуу.