Максат

Психологиялык-педагогикалык кеңеш-кѳмѳк багытында магистратура программасынын максаты –  бул тармакта колдонулуучу психологиялык кеңеш-кѳмѳк жана консультация  берүү кызматы менен байланышкан билимге жана көндүмгө ээ болуу; социалдык көйгөйлөргө сезгич; жоопкерчиликтүү; адам укуктарын урматтаган; билим берүү процессинде алынган маалыматты инсандын жеке личносттук, академиялык жана кесипкөйлүгүн өнүктүрүүгө байланышкан билим, билгичтиктерин бардык багыттоо жана психологиялык кеңеш берүү кызматтарында колдоно билүү; коомдук жана индивидуалдык проблемаларды илимий жактан баалоо аркылуу индивидге багытталган чечимдерди чыгара алуу; өзгөчө муктаждыктары бар адамдарды аныктоо жана аларды жана алардын үй-бүлөлөрүн колдоо; ошондой эле тез өзгөрүп жаткан дүйнөдө заманбап билимге, билгичтикке, көндүмгө, жөндөмгө жана аттитюдга ээ болгон, кесиптик этиканын эрежелерин билип, аларга баш ийген, өзүнүн кесиптик тармагындагы жаңылыктарга жана өнүгүүлөргө тынымсыз көз салган, статистикалык жана илимий изилдөө ыкмаларын илимий изилдөө жасай турган деңгээлинде билген жана тынымсыз өзүн-өзү өнүктүрүүгө умтулган, жарандык аң-сезимдүү, баарлашууга ачык, сабырдуу психолог- педагогдорду даярдоо.

    Программа маалыматы

  1. Психологиялык-педагогикалык кеңеш-кѳмѳк багытындагы магистратура программасы психологиялык кеңеш-кѳмѳк жана консультация берүү тармагында компетенттүү изилдөөчүлөрдү даярдайт. Программа психология жана педагогика илимдери,  психологиялык кеңеш-кѳмѳк жана консультация багытында бакалавр даражасы бар студенттер үчүн магистратурада билим алуу мүмкүнчүлүгүн сунуш кылат.
  2. Психологиялык-педагогикалык кеңеш-кѳмѳк багытындагы магистратура программасы бул тармакта компетенттүү илим изилдөөчүлөрдү даярдайт. Кабыл алынган студенттер Психологиялык-педагогикалык кеңеш-кѳмѳк жана консультация берүү багытындагы бир нече адистик боюнча адистешүү мүмкүнчүлүгүнө ээ.
  3. Психологиялык-педагогикалык кеңеш-кѳмѳк багытындагы магистратура программасын аткарууда беш (5) дарскана, үч (3) семинар залы, эки (2) лекция залы, компьютердик жана колдонмо лабораториялары, окуу жана илимий китептер, мезгилдүү басылмалардын маалымат базалары, электрондук ресурстарга жетүүнү камсыз кылган интернет инфраструктурасы, окуу бөлмөлөрү жана үзгүлтүксүз кызмат көрсөтүүчү борбордук китепкана бар.
  4. Психологиялык-педагогикалык кеңеш-кѳмѳк багытындагы магистратура программасынын сабактары учурда өз тармагынын адиси болгон алты (6) окутуучу, анын ичинде үч (3) штаттык профессор, эки (2) доцент жана бир (1) ага окутуучу доктор тарабынан окутулат. Алардын бардыгы (6) педагогика бөлүмүнүн туруктуу профессордук-окутуучулук курамы. Бул окутуучулардын айрымдары докторлук даражасын чет өлкөлөрдө алган. Бөлүмдүн профессордук-окутуучулук курамынын бардык мүчөлөрү чет мамлекеттердеги илимий кызматкерлер менен биргелешкен илимий изилдөөлөрдү жүргүзүп, илимий иш-чараларга катышып келишет. Үч (3) окутуучу Түркиянын престиждүү университеттеринен биздин бөлүмгө кеминде беш (5) жылдык мөөнөткө дайындалган, педагогика илимдеринин жана  Психологиялык-педагогикалык кеңеш-кѳмѳк жана консультация боюнча ар кандай тармактарында адистешкен илимпоздор. Жыл сайын биздин бөлүмдө Түркиядан эң аз үч (3) окумуштуу иштейт.
  5. Чет өлкөдөгү абройлуу университеттер менен алмашуу программалары жана кош дипломдук келишимдери бар. Мындан тышкары Эразмус, Мевлана, Орхун сыяктуу студент алмашуу программалары окуучуларга Түркия баш болгон бир топ өлкөнүн университеттеринде бекер билим алууга мүмкүнчүлүк түзүп келет.
  6. Психологиялык-педагогикалык кеңеш-кѳмѳк жана консультация багытындагы магистратура программасы кызыкдар тараптардын пикирлерин эске алуу менен илимий ачылыштарга жана инновацияларга ылайык дайыма жаңыланып турат.
  7. Психологиялык-педагогикалык кеңеш-кѳмѳк жана консультация багытындагы магистратура программасынын илимий иш багыттарынын айрымдары:
  • Психологиялык-педагогикалык кеңеш жана көмөк,
  • Мектепте психологиялык кеңеш-кѳмѳк берүү,
  • Үй-бүлө боюнча психологиялык кеңеш-кѳмѳк берүү,
  • Реабилитациялык кеңеш -кѳмѳк берүү,
  • Билим берүүдөгү өлчөө жана баалоо,
  • Билим берүү философиясы,

ОКУУ НАТЫЙЖАЛАРЫ

УНИВЕРСАЛДЫК КОМПЕТЕНЦИЯЛАР

Илимий, инструменталдык, коомдук, жеке жана жалпы маданий

  1. Жарандык демократиялык коомдун баалуулуктарын сактоого, коомдо адилеттүүлүктү, дүйнө таанымды камсыз кылууга жана дисциплиналар аралык жана инновациялык мамилелердин негизинде маанилүү коомдук жана жеке көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган стратегиялык маселелерди талдай алат жана чече алат.
  2. Тармагына тиешелүү илимий-техникалык жаңылыктарды тынымсыз көзөмөлдөйт жана керектүү илимий-техникалык жаңылыктарды колдоно алат.
  3. Өз тармагында чектелген же толук эмес маалыматты колдонуп, илимий, социалдык жана этикалык жоопкерчилик менен билимди илимий ыкмалар аркылуу өнүктүрө алат.
  4. Тармагы боюнча керектүү компьютердик жана программалык билимин колдонуу менен маалымат жана коммуникация технологияларын колдоно алат жана керектүү материалдарды түзө алат.
  5. Эл аралык илимий симпозиумдарда жана конгресстерде өз изилдөөлөрүн сунуштай алат, илимий макалаларды даярдап, жарыялай алат.
  6. Коюлган максаттарга жетүү үчүн адистердин, адистик топтордун жана уюмдардын ишин уюштура алат.

АДИСТИК КОМПЕТЕНЦИЯЛАР

Кесиптик, педагогикалык, башкаруу, илимий изилдөө, долбоордук ишмердүүлүк тармактары

  1. Билим берүү мекемелеринин ар кандай деңгээлдеринде Психологиялык-педагогикалык кеңеш-кѳмѳк окутуу пландарын жана программаларын  иштеп чыга алат;
  2. Билим берүүнүн сапатын жогорулатуу боюнча иш-чараларды долбоорлоодо жаңы шарттарды, инновацияларды жана мүмкүнчүлүктөрдү иштеп чыгып, колдоно алат.
  3. Окуучулардын жаш жана жеке өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен окуу жайлардын ар кандай деңгээлдеринде окуу процессин уюштуруунун заманбап ыкмаларын жана технологияларын колдоно алат.
  4. Психологиялык-педагогикалык кеңеш-кѳмѳк кызматтары менен кардарлар өзүн таанууга, өз кыялын ишке ашырууга, ѳзүн реализациялоого, рационалдуу ойлорду өнүктүрүүгө, жаңы функционалдык жүрүм-турумдарга ээ болууга, жаңы көйгөйлөргө каршы чечимдерди чыгарууга жана натыйжалуу коммуникация көндүмдөрүнө ээ боло алат;
  5. Этикалык принциптердин алкагында кеңеш берүү процессине психологиялык кеңеш-консультация берүүнүн көндүмдөрүн эффективдүү колдоно алат; психологиялык-педагогикалык кеңеш-кѳмѳк берүү тармагындагы билим, билгичтик жана көндүмдөрдү баалайт;
  6. Кесиптик жана жеке өз алдынча билим алуу, билимин ѳркүндѳтүү жана андан аркы билим берүү траекториясын долбоорлоо мүмкүнчүлүгүн аныктайт;
  7. Үй-бүлөгѳ психологиялык кеңеш-кѳмѳк берүү теорияларынын алкагында жубайларга жана үй-бүлө мүчѳлѳрүнѳ психологиялык кеңешке муктаж болгон адамдардын көйгөйлөрүн аныктоо жана алардын көйгөйлөрүн чечүү жолдорун иштеп чыга алат;
  8. Өзгөчө муктаждыктары бар адамдарды аныктоо, үй-бүлөгө багытталган билим берүү программаларын даярдоо жана психологиялык колдоо көрсөтүү, мектептер үчүн жекече билим берүү программаларын даярдоо;
  9. Ар кандай топтор (коомчулуктар, ата-энелер, өнөктөштөр) менен баарлашуу, ЖМК жана маалыматтык-коммуникациялык технологиялар менен иштей алат;
  10. Изилдөө иштеринде маалыматтык жана инновациялык технологияларды жана илимий методдорду колдоно алат.
  11. Заманбап билим берүү системасын өнүктүрүүгө байланышкан актуалдуу көйгөйлөрдү аныктап, жалпы жыйынтыктарды талдай алат.
  12. Изилдөөнүн анализин жана натыйжаларын окутуунун жоболоруна интеграциялай алат;
  13. Өзүнүн илимий жетишкендиктерин илимий чөйрөгө доклад, илимий макала, мультимедиялык презентация түрүндө суна алат.
  14. Үзгүлтүксүз түрдө өз алдынча, билимин жана кесиптик педагогикалык компетенттүүлүгүн өнүктүрүү боюнча тажрыйбага ээ болот.