Кыскача

Кыргыз-Түрк «Манас» университети билим берүүнү алгач 1997-жылдын 26-ноябрында Бишкек шаарынын Манас проспектисинде жайгашкан имаратта баштаган. Алгачкы жылы билим берүү түрк жана англис тилдеринде жүргүзүлгөн. Бир жылдан кийин КТМУ Чет тилдер жогорку мектеби деген ат менен билим берүүнү Тынчтык проспектиси №56 дарегинде жайгашкан башкы имаратта өз ишин уланта баштады. 1999-2000-I окуу жылдарында Чет тилдер жогорку мектеби академиялык түзүмдүн ичинен өз ордун бекемдеди. Билим берүүнүн сапатын дагы да арттырууда четте калбай өз салымын кошууга аракеттенген Чет тилдер жогорку мектеби 2012-2013-окуу жылдары Чет тилдер жогорку мектебинин академиялык түзүмдүн структурасы заманбап билим берүүнүн талабына жооп бере турган сапатта жаӊыланган. Аты аталган Жогорку мектептин негиздөөчүсү болуп ага окутуучу Мухиттин Гүмүш саналат. Чет тилдер жогорку мектебинин мүдүрү милдетин 2002-жылдан 2014-жылга чейин проф., докт. Дербишева Замира Касымбековна, 2014-жылдан 2019-жылга чейин доц., докт. Таалайбек Абдиев, 2019-жылдан 2021-жылга чейин доц., докт. Женгиз Буяр, 2021-жылдан 2022-жылга чейин докт. Режеп Йүрүмез аркалап келген.
2022-жылдын 21-октябрынан баштап проф., докт. Режаи Доган Чет тилдер жогорку мектебинин мүдүрү милдетин аткарууда.

Курулуш максаты

Чет тилдер жогорку мектебинин даярдоо бөлүмүндө эки тилде, б. а. түрк жана кыргыз тилдеринде жүргүзүлөт. Ал эми кесиптик жогорку мектептер жана бакалаврлар үчүн чет тили катары англис, орус, немис жана кытай тилдери үйрөтүлөт. Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин тил үйрөтүү жана билим берүүгө байланышкан бардык иш-чаралары ушул максатта уюштурулган.

Иш-чаралар

1.Даярдоо бөлүмүндө билим берүү жалаӊ гана кыргыз жана түрк тилдеринде жүргүзүлөт,
2. Университетибиздин кесиптик жогорку мектептеринде, факультеттерде, магистратурада билим берүү кыргыз, түрк тилдеринде, андан сырткары чет тилдерин тандоо аркылуу (орус, англис, немис тилдерин) билим берүү;
3. Ал эми Даярдоо бөлүмүндө студент тандаган бөлүмүнө жараша кыргыз жана түрк тилдеринен сырткары орус, англис, немис жана кытай тилдерин үйрөнө алат.
4. Университетибиздин кызматкерлери үчүн кыргыз, түрк жана орус тилдери курсун уюштуруу;
5. Кыргызстандагы мамлекеттик мекемелерден түшкөн талап, каалоолор боюнча алар үчүн кыргыз тили курсун ачуу, үйрөтүү;
6. Жеке жана расмий мекемелердин өкүлдөрүнүн каалоо-талаптары боюнча түрк тили курстарын ачуу, үйрөтүү;
7. Социалдык билимдер институту жана Гуманитардык билимдер институтуна катталган студенттер үчүн чет тилдерин үйрөтүү;
8. Кыргызстандагы Билим берүү министрлиги менен кызматташып, «Окутуу орус тилдеринде жүргүзүлгөн мектептердеги кыргыз тили мугалимдери үчүн семинарларды» өткөрүү;
9.Түркиядагы Анкара университети, ТӨМЕР жана ушул сыяктуу мекемелер менен тыгыз байланышып, кызматташуу;
10. Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин ректораты тарабынан кол коюлган протоколго ылайык билим берүү жаатында кызматташууну жүргүзүү.

Миссиясы

Университеттин миссиясы – Түрк тилдүү мамлекеттер жана коомчулуктардын жаштарынын башын бириктирүү менен бирге, бардык коомчулуктардын үзгүлтүксүз билим алууга умтулган өкүлдөрүнүн бир пикирге келип, эриш-аркак билим алуусун камсыз кылуу жана алардан өз тармактарынын мыкты адистерин, Түрк дүйнөсүнүн орток маданий мурастарын асырап аздектеген, адамзаттын адеп-ахлактык баалуулуктарына ээ, коомчулуктун алдында өз жоопкерчилигин сезе билген, заманбап, эл аралык стандарттардын талаптарына толук жооп бере ала турган инсандарды тарбиялап чыгаруу жана Түрк цивилизациясынын өнүгүшү менен катар эле дүйнөлүк илимге өз салымын кошуу.

Түрк жана кыргыз тилдеринен сырткары англис, немис, орус жана кытай тилдерин окуу процессинин жүрүшүндө жогорку деӊгээлде билим берген, илимий изилдөө иштеринде өнүктүрүлүп жаткан усул, ыкмалар аркылуу жүзөгө ашыруу жана коомго кызмат кылган жогорку деӊгээлде билим берген Жогорку мектеп болуу.