Иш- чаралар

Кыргыз тили координаторлугу, эл аралык стандарттарга таянуу менен тил үйрөнүүчүлөргө кыргыз тилин үйрөтүп келүүдө. Университетибизде билим алып жаткан жаштар негизги тилдердин бири болгон кыргыз тилин координаторлук тарабынан түзүлгөн программанын негизинде үйрөнүп жатышат. Окуу программасынын соӊунда студенттер үчүн факультетке даярдык болсун үчүн маалыматтар да берилет.

 

Координаторлуктагы окутуучулар 

Кыргыз тили координаторлугу, окутуучуларды кыргыз тилин үйрөтүү жаатында адистешкен жана эл аралык тил үйрөтүү стандарттарына ылайык тандап алышкан. Кыргыз тили координаторлугунда эмгектенип жаткан окутуучулар жамааты бай тажрыйбага ээ мугалимдер болуп саналат. Кыргыз тили координаторлугу чоӊ координаторлуктардын бири болуп саналат. 

 

  Колдонулуп жаткан усул, ыкмалар

Кыргыз тилин үйрөтүүдө координаторлук тарабынан негиз алынган чет тилин үйрөтүүнүн усулу «коммуникативдик метод» болуп саналат. Окуп түшүнүү, угуп түшүнүү, оозеки жана жазуу көндүмдөрүн өстүрүүгө багытталган окуу процессин сунуштайт. Мына ушул себептен чет тилин үйрөнүүнү каалагандар максатталган тилди ошол элдин маданий иш-чараларына да активдүү катышууу менен оӊой үйрөнүүнү максат кылууда.

 Сабак материалдары бай, анткени өтүлүп жаткан сабактар коммуникациялык технологиялар, окуу материалдары (ТВ, проектор, интернет, акылдуу дарскана ж.б.) менен камсыздалган. Мындан сырткары, тил үйрөнүүнү өстүрүүгө багытталган сабактан тышкаркы социалдык иш-чаралар, дос чөйрөсүн кеӊейтүү, маданий байланыш мүмкүнчүлүктөрү сунулат.

 

Окуу куралдары

1. "Алтын көпүрө" (А1, А2, В1, В2, С1) окуу топтому;

2. "Кыргыз тили" Окуу китеби (Башталгыч, Орто жана Жогорку);

3. «Тил башат» Көнүгүүлөр китеби (Башталгыч, Орто жана Жогорку);

4. «Көрмө фильмдер боюнча көнүгүүлөр жыйнагы» (Башталгыч, Орто жана Жогорку);

5 . «Диалогдор», «Обондуу ырларды угуп түшүнүү. (Башталгыч, Орто жана Жогорку); ж.б.

Кошумча окуу куралдары

1. Системалуу түрдө даярдалган программа

2. Грамматика

3. Адабий чыгармалар

4. Көрүү жана угуу материалдары

5. Газета, журналдар ж. б.