Иш-чаралар

Орус тили координаторлугу Даярдоо бөлүмүндөгү Синхрондук котормочулук, орус тили жана адабияты бөлүмүндө окуй турган студенттердин сабактарын, ошондой эле алдыӊкы студенттерге бериле турган курстарды жүргүзүп келүүдө.

Координаторлуктагы окутуучулар 

Орус тили координаторлугунда бай тажрыйбага ээ, адистешкен мугалимдер эмгектенишүүдө. Окуу куралдарын байытуу максатында көнүгүүлөр китеби, ошондой эле кошумча материалдар даярдалып, студенттерибизге билим берилүүдө.

Колдонулуп жаткан усул, ыкмалар

Сабак материалдарынын бай болушу менен өтүлүп жаткан сабактар көрүү жана угуу коммуникациялык технологиялар, окуу материалдары (ТВ, DVD, проектор, интернет, акылдуу дарскана ж.б.) менен камсыздалган. Айрыкча тил үйрөнүүнү өстүрүүгө багытталган сабактан тышкаркы социалдык иш-чаралар, дос чөйрөсүн кеӊейтүү, маданий байланыш мүмкүнчүлүктөрүн сунуу болуп саналат.

Ал эми берилип жаткан жеке курстарда болсо, колдонулган усул, ыкмалар тил үйрөнүүнү каалоочу кишилердин деӊгээлине ылайыкталып түзүлгөн.