Түрк тили координаторлугу

Иш-чаралар

Түрк тили координаторлугу, эл аралык стандарттарга таянуу менен чет өлкөлүктөргө түрк тилин үйрөтүп келүүдө. Университетибизде билим алып жаткан жаштар негизги тилдердин бири болгон түрк тилин координаторлук тарабынан түзүлгөн программанын негизинде үйрөнүп жатышат. Окуу программасынын соӊунда студенттер үчүн факультетке даярдык болсун үчүн маалыматтар да берилет.

Координаторлуктагы окутуучулар 

Түрк тили координаторлугу, түрк тилин үйрөтүү жаатында адистешкен жана эл аралык тил үйрөтүү стандарттарына ылайык тандалып алынган. Түрк тили координаторлугунда эмгектенип жаткан окутуучулар жамааты өз кесиптеринде мыкты тажрыйбага ээ болуп саналат.Түрк тили координаторлугу башка координаторлуктарга караганда сан жагынан окутмандар көп болгон чоӊ координаторлук болуп саналат. 

  Колдонулуп жаткан усул, ыкмалар

Чет тилин үйрөтүү тармагында Грамматикалык көнүгүүлөрдү жана чыгармачылыкты өнүктүрүүнү пайдалануудабыз. Бул багытта жасалган аныктамалар коммуникациялык жети түшүнүккө топтолгон.Чет тилдерин үйрөтүүдө коммуникациялык жети эрежеге маани берилиши Европа Тил Курумунун тил үйрөтүү программасынын негизин түзүүдө. Бири-бирине байланышкан жети эреженин өнүгүшүнө таянган практикалык иштер (окуп түшүнүү, угуп түшүнүү) жана оозеки речти өстүрүү көндүмдөрүн (жазуу, сүйлөө) өстүрүүгө багытталган жөндөмдөр болуп саналат. Мына ушул себептен чет тилин үйрөнүүнү каалагандардын эӊ алгач максатталган тилди ошол элдин маданий иш-чараларына да активдуу катышууу менен ал тилди оӊой үйрөнүүнү максат кылууда.

Түрк тилин үйрөтүүдө координаторлук тарабынан маанилүү деп эсептелинген чет тилин үйрөтүүнүн ыкмасы да «коммуникативдик метод» болуп саналат. Сабак материалдарынын бай болушу менен өтүлүп жаткан сабактар көрүү жана угуу коммуникациялык технологиялар, окуу материалдары (ТВ, DVD, проектор, интернет, акылдуу дарскана ж.б.) менен камсыздалган. Айрыкча тил үйрөнүүнү өстүрүүгө багытталган сабактан тышкаркы социалдык иш-чаралар, дос чөйрөсүн кеӊейтүү, маданий байланыш мүмкүнчүлүктөрүн сунуу болуп саналат.

Окуу программасында колдонулган материалдар:

Жаӊы Хитит Чет өлкөлүктөр үчүн, Түркчө Окуу куралы I, II, III

Жаӊы Хитит Чет өлкөлүктөр үчүн, Окуу китеби I, II, III

Жаӊы Хитит Чет өлкөлүктөр үчүн, Көнүгүүлөр китеби

Кошумча материалдар:

•             Грамматика,

•             Окуп түшүнүү,

•             Угуп түшүнүү,

•             ООзеки речти өстүрүүгө багытталган көнүгүү китептери,