АЛМАШУУ ПРОГРАММАСЫ

Факультеттин “Дене тарбия жана спорт мугалими” жана “Машыктыруучуларды даярдоо” бөлүмдөрү Эразмус+, Мевлана же Орхун сыяктуу алмашуу программаларына катышат. Биздин факульттеттин 2 студенти бул алмашуу программалары аркылуу Түркиянын Сакарья Университетине жана Гази университетине 1 жарым жыл окуп, билим алып келишти. Алмашуу  программасы боюнча студенттер 1 же 2 семестрге Туркиянын, Түрк мамлекеттер уюмунун жана Европадагы университеттерде окууга мумкүнчүлүк алышат. 3 баллдан жогорку окуудагы жетишкендиктери бар студенттерге жайкы практикасын Туркияда өтүүгө мүмкүнчүлүк берилет.  Факультеттин мугалимдери тажрыйба алмашуу боюнча Туркиянын, Түрк мамлекеттер уюмунун жана Европадагы университеттерине барып, семинарларга катышууга мүмкүнчүлүктөрүн колдонууда.