ОКУУ ПРОГРАММАСЫ

Кыргыз-Турк  «Манас»  университинин Сенатынын 24.01.08 ж. № 2 жана   09.07.2013 ж. № 11.079  чечимдери менен дене тарбия боюнча базалык жогорку билими менен - дене тарбия  бакалаврларын даярдоо окуу программалары  бекитилген.  Билим берүү программасынын окуу пландары  дүйнөлүк билим берүү жана Болондук системасынын стандрттарын эске алуу менен  кредиттик-сааттык система менен түзүлгөн. 

2021 году Кыргыз-Турк  «Манас»  университинин Сенатынын 25.02.2021 ж.  № 2021-02.16 чечиминин  жана Кыргыз-Турк  «Манас»  университинин Камкорчулар Кенешинин  28.04.21 № 2021-01 чечиминин негизинде Дене тарбия жана спорт жогорку мектеби Спорт илимдери факультетине өзгөртүлгөн.  

"Дене тарбия" (шифр 532000) багыты боюнча дене тарбия мугалимдерин даярдоо программасынын окуу пландары 240 ECTS камтыйт. Студенттердин жумалык окуу жүктөмү 24-26 академиялык саатты түзөт.

Дене тарбия  адистерин даярдоо билим берүү кесиптик программасын төмөнкүдөй циклдар түзөт:

гуманитардык жана и социалдык-экономикалык дисциплиналар; жалпы математикалык жана и табигый-илимий дисциплиналар; жалпы кесиптик дисциплиналар; атайын жана адистик дисциплиналар.

Окуу пландарынын структурасы жана мазмунун жалпы адистерди даярдоо программалары Кыргыз Республикасынын жана  Туркия Республикасынын негизги  адистик билим берүү стандарттарынын  талаптарына жооп берет. 

Негизги адистик билим берүү программасында окутулган  дисциплиналардын негизги мазмуну, студенттердин кесиптик даярдыгына  коюлуучу талаптар, окуу сабактардын сапатын көзөмөлдөө жолдору берилген; студенттердин билимин баалоо системасы, педагогикалык жана машыктыруучулук практиканын, мамлекеттик аттестациянын талаптары берилген.

МАКСАТЫ ЖАНА МИССИЯСЫ

«Дене тарбия жана спорт мугалими» бөлүмүнүн негизги максаты - дене тарбия жана спорт тармагына жогорку билимдүү, профессионалдуу даярдыкта болгон жана илимий негиздерди колдоно алган адистерди даярдоо. Бөлүм бул жоболорду колдонуп, дене тарбия мугалимдигин сапаттуу даярдоону максаттайт. Азыркы күндөгү технологиялык өнүгүүлөр менен бирге адам жашоосунда дене тарбия жана спорттун мааниси өнүгүүдө. Анткени дене тарбия жана спорт – адам баласынын физикалык, акыл-эстик, эмоционалдык жана социалдык өнүгүүлөрүн камсыздаган илим. Дене тарбия жана спорттун бул функциясын ишке ашыруу үчүн сапаттуу, изилдөөчү жана өнүктүрүүчү дене тарбия мугалимдерин даярдоо керек. Сапаттуу даярдалган жана адамдын өнүгүүсүнүн бардык өлчөмдөрүн эске алган, заманбап талаптарга жооп бере ала тургандай өзгөчөлүктөргө ээ окуу программалары дене тарбия мугалимдерин даярдоодо коомдун ар кандай катмарларына тийиштүү маалыматтарды колдонуу менен бирге кызыгуу чөйрөлөрүн жана жаңы технологияларды чагылтып келген. «Дене тарбия жана спорт мугалими» бөлүмү спорттук даярдыгы жакшы, изилдөө сапаты жогору, коллективдүү руху ичинде өнүккөн, дене тарбия жана спорт чөйрөсүнө кызмат кыла алган, жашоо сапаты жогору болгон адамдарды жана спорттук жетишкендиктерди өнүктүрүүдө лидер болгон бөлүм болууну көздөйт.

СТУДЕНТТЕРДИН МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨРҮ

Дене тарбия жана спорт мугалимин даярдоо бөлүмү, билим берүү процессинде студенттердин кесиптик даярдыктарын жана тажрыйбаларын арттыруу үчүн университеттин ичинде  жана сыртында, окуу учурунда жана окуудан тышкары мезгилдерде ар түрдүү спорттук мелдештерди өткөрүү менен жана студенттерди мелдештерге катышууну уюштурууда. Студенттерибиз тандаган спорттун түрлөрү боюнча жуманын ичинде  4-6 саат машыгууга милдеттүү жана  университеттин курама командаларынын машыгууларында спортчу катары кесиптик тажрыйбаларын өнүктүрүүдө. Ошондой эле мугалимдик тажыйырбаны өздөштүрүү максатында жалпы билим берүүчү мектептерде жуманын ичинде 6-7 саат педагогикалык практика өтүүдө. 

Университетибиздин Спорт жана ден соолук (Фитнес) борборунда, Bodybuilding түрүнөн спорт залына келген студенттер, академиялык жана административдик персоналдар менен студенттер машыктырып өздөрүнүн профессионалдык-педагогикалык чеберчилигин жогорулата алышат.

Университетибиздин «Манас лыжа Клубу» бөлүмүбүздүн координаторлугУ алдында кыш мезгилинде   студенттерге, академиялык жана административдик персоналга лыжа тебүүнү үйрөтүүдө.