Спорт билимдери факультететине  Кыргызстандан  студенттерди кабыл алуу  Жалпы республикалык тесттин жана Кыргыз-Түрк Манас университетинин Кабыл алуу жана бөлүштүрүү борбору уюштурган кирүү сынактардын негизинде жүрөт, Спорт илимдери факльтетине кошумча кирүү сынактары уюштурулат (тандлган спорттун түрү, жалпы дене тарбия даярдыгы, координациялык тест).

Туркия Республикасында Студенттерди кабыл алуу жана бөлуштүрүү борбору уюштурган кирүү сынактардын негизинде жүрөт. Башка түрк тилдү мамлекеттер жана түрк тилду элдерден студенттери кабыл алуу  Туркия Республикасынын Студенттерди кабыл алуу жана бөлуштүрүү борбору уюштурган кирүү сынактардын негизинде жүрөт.

Спорт илимдери факультетине 76 студент кабыл алынат:  ««Дене тарбия жана спорт мугалимдерин даярдоо» бөлүмүнө  - 38,  "Машыктыручуларды даярдоо бөлүмүнө»  - 38.  Кыргыз Республикасынын жарандарына - 60 орун,   Туркия  Республикасынын жарандарына - 5  жана түрк тилдүү мамлекеттердин жарандарына - 3 орун квота берилет.  

Спорт илимдери факультетине спорттук  квалификациясы бар  жана Дене тарбия мугалими болууга каалаган  абитуриенттер кабыл алынат. 

Спорт илимдери факультететинде  билим алууну каалаган Туркия Республикасынын абитуриенттери    кирүү сынактарын Туркия Республикасынын Ататүрк Университетинде тапшырууга мүмкүн. Кирүү сынактары июль-август айларында жүргүзүлөт, керектүү маалыматты университеттин сайтынан алуу мүмкүн:  http://manas.edu.kg/

Спорт билимдери факультететинин бүтурүүчүлөрү эки мамлеттик үлгүдөгү диплом алышат: Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим Министрлигинин диплому жана Туркия Репсубликасынын Жогорку окуу жайларынын Комитетинин диплому.  

Спорт билимдери факультетинде окутуу эки тилде жүргүзүлөт: кыргыз жана турк тилдери. Студенттер биринчи окуу жылында кыргыз жана турк тилдерин үйрөнүп, тандалган спорттун түрлөрү боюнча окуу-машыгуу процессине катышып спорттук чеберчилигин  жогорулата алышат.   Кыргыз-Турк Манас Университетинде  тандалган спорттун түрлөрү боюнча машыгуу үчүн жана машыктыруучуларды  даярдоого керектүү шарттар толугу менен түзүлгөн.