"Дене тарбия жана спорт мугалимдерин даярдоо бөлүмү" Туркиянын жана Кыргызстанадын спорттук уюмдары, федерациялар менен кызматташууда. Болүмдүн мугалимдери ар жылы улуттук жна эл аралык машыктыруучулук жана инструкторлук курс-семинарларда квалификациясын жогорулатууда.  2012-2013 окуу жылында  1 даражадагы Баскетбол курстарына катышты,  2013-2014 окуу жылында 1 даражадагы “Сергек жашоо” курсуна жана 2014-2015 окуу жылы  II-категориядагы Wellness курстарына катышты.

Биздин бөлүм машыктыруучуларды даярдоо бөлүмү менен  бирге “Мевлана» студенттерди  алмашуу  программасына катышат.  Бул программа боюнча студенттер  Турциянын университеттеринде 1 же 2 семестр окууганга мумкүнчүлүк алат. 3 баллдан жогору ортоломо баасы болгон студенттер жайкы практикасын Туркиядан өтүүгө мүмкүн.  Бөлүмдүн мугалимдери тажрыйба алмашуу программалардын алкагында Туркияда жана Кыргызстанда семинарларды уюштуруп өткрөрүп келет.  Бөлүмдө  Туркиянын университтеттеринин доцент, профессорлору  чакырылып семинарларды өтүшөт. 

Бөлүмдүн мугалимдери   квалификациясын жогорулатуу курстарына катышып сертификаттарга ээ болушат.   

КАРЬЕРАЛЫК МҮМКҮНДҮКТӨР

 «Дене тарбия жана спорт мугалимдерин даярдоо» бөлүмүнүн бүтүрүүчүлөрү мектепке чейинки жана орто билим берүү окуу жайларында, лицей жана гимнадияларда, орто кесиптик окуу жайлар, колледжде дене тарбия мугалими болуп кызматтанышат.  Андан сырткары, бутрүүчүлөрүбүз дене тарбия жана спортмектептерде  адис, машыктыруучу, спорткомплекстерде, ден-соолукту чындоо клубдарда  инструктор-методист  болуп кызматтанып келет.