Магистердик программа - багыты 532000   «Дене тарбия жана спорт»

Тарыхы

2018 году Камкорчулар Кенешинин 02.07.2018 №1 чечими жана КТМУнун Сенатынын R 30.2019/GS/ÖB-14.7 08.01.2019 ж. кабыл алынган чечиминин негизинде Кыргыз- Түрк Манас университететинин Социалдык билимдер институтунда 532000   «Дене тарбия жана спорт» багыты боюнча магистердик программа ачылган. КР Билим берүү жана илим министрлигинин 26.06.2019 ж. № D2019-0029 буйругу  532000   «Дене тарбия жана спорт» багыты боюнча магистердик программа боюнча  билим берүү үчүн   № LS190002687 Лицензия  берилген.

Магистратурага жылына 8 студент кабыл алынат, 70% -  Кыргыз Республикасынын жарандары, 30 % -  Турция жана башка өлкөлөрдөн келген студенттер. Учурда Магистратурада  19 магистрант окуусун улантууда.  

 «Дене тарбия жана спорт» багыты боюнча магистердик программанын максаты:

Программанын негизги максаты: Дене тарбия жана спорт багытында адистердин (магистрлердин) гуманитардык , социалдык, экономикалык, математикалык жана табигый жана илимий билимдери өздөштүрүү тереңдтүү,  тандалган кесиптик тармакта ийгиликтүү кызматтанууга мүмкүнчүлүк берген жогорку адистик  (магистрдин денгээлинде) билим берүү,  универсалдуу жана предметтик адистештирилген компетенцияларга ээ болуу, социальной мобилдүүлүккөө жана эмгек чөйрөсүндөгү туруктуулукка ээ болуу.  Формирование социально-личностных качеств Студенттерди соцалдык жана инсандык сапаттарга ээ кылуу: максаттуулук, уюшкандык,  эмгекчил, жоопкерчилик, жарандуулук, коммуникативдик, толерантуулук, жалпы маданиятын өстүрүү.

«Дене тарбия жана спорт» багыты боюнча магистердик программанын милдеттери:

-  окуу процессинин максатын жана милдеттерин так аныктоого, окуучулардын курактык жана жыныстык өзгөчөлүктөрүнө карата, коюлган милдеттерди аткарууну камсыздаган окутуунун,   дене тарбия жана спорттун каражаттарын жана  ыкмаларын багыттүү  колдонууну уүйрөтүү;  

- ар бир катышуучунун физикалык жана функционалдык абалын, ар бирөөнүн мүмкүнчүлүктөрүнө карата жүктөмдүн ченемдерин аныктоону билүү;  

- окуу процессинде колдонулган  каражаттарынын  жана  ыкмаларынын  эффективдүүлүгүн баалоо жана оңдөп түзөөлөрдү киргизүү;

- машыктыруу процессинде колдонулган  каражаттарынын  жана  ыкмаларынын  эффективдүүлүгүн баалоо; 

- Магистрдик программанын көйгөйлөрүн изилдөөдө, анын максатына туура келген адекватүү изилдөө ыкмаларын колдонунуу, жаны ыкмаларын иштеп чыгуу жана модификациялоо .

- изилдөөнүн жыйынтыктарын илимий талдоо жургүзүү; 

- коомдук-маданий ишмердикти пландоо жана аларды ишке ашыруу өздүк кесиптик компетенцияларын калыптандыруу. 

Окуу иштери

«Дене тарбия жана спорт» багыты боюнча магистердик программасы студенттердин дене тарбия жана спорттун негизги тармактары боюнча билимин терендетүүгө багытталган.  Программанын узактыгы 2 жыл (4 семестр) . Программаны бутүргөндөргө «Дене тарбия жана спорт Магистри" квалификациясы ыйгарылат.  

Билим берүү программанын окуу пландары  дүйнөлүк билим берүү жана Болондук системасынын стандарттарын негизинде  кредиттик-сааттык система менен түзүлгөн. 

Окуу планынын, окуу предметтердин иш пландарынын структурасы жана мазмуну  «КР көп баскычтүү жогорку билим берүү системасынын магистрдик даярдык жөнүндө  КР Билим берүү жана илим министрлиги бекиткен Жобонун талаптарына, Туркия Республикасынын билим берүү программаларынын, жана КР Билим берүү жана илим министрлиги 15-сентябрь 2015 жылы  № 1179/1 буйругуменен бекиткен Мамлекеттик билим берүү стандарттын талаптарын толугу менен жооп берет.  

Окуу убагында магистранттар магситрдик диссертациясын даярдоого жана жогорку окуу жайларындагы ишмердикке багытталган илимий изилдөө жана илимий педагогикалык практикаларын өтүшөт.  

Магситрлерди даярдоо негизги билим берүү программаны жогорку квалифициялуу  педагогикалык кадралары ишке ашырууда, учурда спорт билимдери факультетинде 2 профессор, 2 доцент, 3 ага окутуучу, илимдин кандидаттары кызматтанууда.

Компетенциялар:

- Илимий теорияларды, изилдөө ыкмаларын жана жыйынтыктарын терең түшүнүү жана сындуу баалайт, жаңы билим алуу максатында ар кандай дисциплиналардын жана илим тармактарындагы билимди интеграциялоо;

 - Илимий теорияларды жана концепцияларды өздөштүрүү, топтоо, баалоо, интеграциялоо жана аларды адистик ишмердиктин милдеттерин чечүүдө колдонуу; керектүү изилдөө ыкмаларын колдонуу, колдонгон ыкмалары модификациялоо жана  тиешелүү изилдөөнүн милдеттерине ылайык жаңы ыкмаларды иштеп чыгуу;

 - Өз алдынча билим алууга жана тиешелүү тармакта прикладдык билимдерди жаратуу жана илимий педагогикалык ишмердикти өркүндөтүү үчүн керектүү маалымат изденүүгө жөндөмдүү;

- Адистик баарлашуу, пикир алмашуу үчүн чет тилдерди  өздөштүргөн;

- Чөң маалымат топтому менен иш алып баруу көндүмдөрү бар, илимий-изилдөө иштеринде заманбап эсептөө техникасы жана адистик программалык камсыздоону колдоно билет; 

- Жарандык демократиялык коомдун баалуулуктарын өнүктүрүү, социалдык теңчиликти камсыздоо, коомдого социалдык жана инсандык проблемаларды чечүү демилгелерин иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;

- Жамаатты башкарууга, орток дисциплинардык илимий проекттерди башкарууга жөндөмдүү. 

- Илимий изилдөө жүргүзүү жөндөмү жана алардын жыйынтыктарын окуучулардын инсандык өнүктүрүү максатында колдонуу (АК-2);

- “Дене тарбия” окуу дисциплинасы боюнча методикалык комплекстерди иштеп чыгуу жөндөмү (АК-3);

- Билим берүү процессинин сапатын камсыздоодо заманбап технологияларды колдонууга жөндөмдү (АК-7);

- Ден соолукту чындоочу, спорттук, рекреациялык ишмердиктин эффективдүүлугүн жогорлатуу үчүн проектин (пландардын) максатын аныктоо, ага жетүү көрсөткучтөрүн жана критерийлерин аныктоо, милдетерин чечүүдө ишмердиктин  адептик аспектилерин эске алуу жөндөмдүүлугү (АК-16);

- Дене тарбия жана спорт тармагында изилдөөлөрдү жүргүзүү пландарын, программаларын жана  методикаларын  түзүү жөндөмдүүлугү (АК-30);

- Илимий изилдөөлөрүнүн жыйынтыктарын интерпретациялоо жана практикалык маанисин аныктоо (АК-32);

- Аймактын регионалдык өзгөчөлүктөрүн, калктын ар кандай контингенттеринин социалдык, морфофункционалдык жана психологиялык өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен дене тарбия жана спорт тармагында проекттерди жана методикалык документтерди иштеп чыгуу жөндөмдүүлугү (АК-40);