Негизги максат:
Башкаруунун негизги максаты болуп, техникалык – эксплуотациялык камсыздоо жана уюштуруу, эсептөөчү техниканын иштөөсүн башкаруу, Манас КТУ ичиндеги тармактарынын жабдыктарынын туруктуу иштөөсүн камсыздоо жана окуу процесстерине тийиштүү техникалык колдоо корсотүү.

Милдет:

  1. Университеттин компьютерлерин жана башка маалымат техникаларынын туруктуу иштешин камсыздоо. Жабдыктарды калыбына келтирүү жана оңдоо үчүн тэз жана туура чечимге келүү.
  2. Университеттин компьютерлерине лицензиялык операциондук ситемаларын жана башка керектүү программаларын жүктөө. Алардын иштөөсүн камсыздоо.
  3. Оңдолуучу маалымат жабдыктарын кабыл алуу жана оңдоочу жайларга жиберүү.
  4. Университеттин тармагынын туруктуу жана тынбай иштешин камсыздоо.
  5. Университеттин копьютерлерин жана башка эсептөөчү техникаларын кураштыруу.
  6. Фирмалардын монтаждык, ремонт иштерин көзөмөлдөө жана текшерип кабыл алуу.
  7. Маалымат технологиясына тиешелүү жабдыктарды университет үчүн сатып алуу учурунда проектерди түзүү, сунуштоо, уюштуруу жана кабыл алуу.
  8. Академиялык жана административдик персоналдарга компьютер жана программалар менен иштөө үчүн консультация бурүү.
  9. Университеттин бөлүмдөрүнүн проект түзүүдө керектүү маалымат технологиялык жабдыктарын туура тандоо үчүн жардам көрсөтүү жана сунуш берүү.
  10. Университеттеги бөлүмдөрдүн семинар, чогулуш, жолугушуу, конференцияларды уюштуруусу үчүн керектүү жабдыктарды камсыздоо жана техникалык жардам көрсөтүү.