ВИРУС

Вирус бул – латынчадан которгондо “уу” дегенди билдирген медициналык термин. Технологиялык жактан алып караганда вирус медицинадагыдай эле кызматты аткарат. Компьютердин программалык камсыздоосун иштен чыгаруу, файлдарды өчүрүү жана эң негизгиси, компьютердин «мээсинин» иштөө функциясына доо келтирет. Анда эмесе, компьютердин иштешине байланышкан вирус жана антивирустар жөнүндө сөз кылсак.

КАЧАН ПАЙДА БОЛГОН?
Алгачкы компьютердик вирус 1969-жылы байкалып, ал ГРИППЕР деген атка конгон. Чынында, компьютердик вирустар 1980-жылдардан баштап иштелип чыга баштаган. Вирустардын алгачкы эпидемиясы болсо, 1987-жылдары катталган. Бул жылдарда Врейн аттуу вирустук программанын таралышы менен 18 миңден ашуун компьютер иштен чыккан. Азыркы учурда вирустардын жаңы түрлөрү дүйнөлүк желе аркылуу таралып келет. 2000-жылы “Мен сени сүйөм” деп аталган вирус электрондук почталар аркылуу таралып, миллиарддаган чыгымдарды алып келген. Анын негизинде миңдеген адамдардын электрондук почталары жапа чеккен.

ВИРУСТУН ДАБАСЫ – АНТИВИРУС
Антивирус бул – жеке компьютерге зыян алып келүүчү ар кандай вирустук программаларга каршы иштелип чыккан программа.
Антивирустук программанын негизги максаты – вирустук программаларды аныктоо, алардан жапа чеккен файлдарды калыбына келтирүү, тактап айтканда, аларды айыктыруу жана зыяндуу вирустардан алдын алуу болуп эсептелинет.
Компьютердеги эң негизги программалар «Майкрософт Виндоус» фирмасы тарабынан жазылгандыктан, вирустук программалардын көбү ага жараша даярдалып келген. Бирок учурда «Майкрософттун» негизги атаандаштары өзүнүн кынтыксыз коопсуздугу менен айырмаланып келген «Линукс» жана «Мак ОСко» дагы каршы вирустук программалар чыгарылууда. Алар бир гана компьютерлерге ылайыкталбастан, чөнтөк телефондорго дагы ылайыкталып чыгарылат. Өзүңүздүн жеке компьютериңиз жакшы иштеши үчүн лицензиясы бар антивирустук программаны орнотуу зарыл. Анын тийиштүү деңгээлде иштеши үчүн компьютер интернетке кошулуп, ошондой эле антивирустук программаны колдон келишинче жаңылап туруш керек. Касперский лабораториясынын маалыматтары боюнча, 2011-жылдын башында интернетте кеминде эле 4,5 миллион вирус бар экени аныкталган.

БЕЛГИЛҮҮ ВИРУСКА КАРШЫ ПРОГРАМДЫК ЖАБДЫКТАР
Kaspersky Crystal, ESET NOD32 Smart Security, Dr.Web Бастион Pro, Avira AntiVir Premium Security Suite, Microsoft Security Essentials