Жетекчи Максатбек Ынакбеков
Байланыш  
Дарек “Жал” кампусу, Студенттик жаңы жатакана
Тел. 996 312 492765-68
Факс 996 312 541935
Ички. тел. 837
Email

library@manas.edu.kg

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин китепканасы университеттин миссиясы жана көздөгөн максатына ылайык университеттин профессордук-окутуучулук курамын, студенттерин, изилдөөчүлөрүн жана административдик кызматкерлерин зарыл болгон ар кандай маалымат жана маалымат булактары менен камсыз кылуу, алардын билим, илим, маданий жана башка маалыматка болгон муктаждыгын канааттандыруу, ылайыктуу электрондук системаны түзүп колдонууга берүү, керектүү маалыматтык ресурстардын түрүн кеңейтүү жана мазмунун байытуу, билим берүү, тарбия жана илимий изилдөө программаларына колдоо көрсөтүү үчүн 1998-жылы ачылган.

2002-жылы электрондук каталог түзүлүп, 2005-жылы «Йордам» китепкана автоматташтырылган системасы курулуп, китепкананын баардык кызматтары автоматташтырылган системада иш алпарып, электрондук каталог интернет аркылуу бүткүл дүйнөгө ачылган (http://yordam.manas.edu.kg/). 2016-жылдын февраль айынан тартып электрондук каталогдун мобилдик форматы «Уюлдук китепканам» колдонууга сунулган. Азыркы убакта жалпы 90 миңден ашык китеп, газета-журналдар жана аудио-видео маалымат булактары менен камсыз болгон, 410 орундуу, жылына 500 миңге жакын окурманды кабыл алган китепканабыз 4 жерде кызмат көрсөтүп, ар бир китепканада электромагниттик коргоо системасы курулуп, окурмандарга ачык фондду эркин колдонуу шарттары түзүлгөн. Заманбап техникалар менен камсыздалган, жылына 60га жакын электрондук маалымат базаларына, булактарына байланыш ачылып, окурмандарга ар кандай тармактагы электродук китеп, журналдар менен камсыздап турат. Бардык китепканаларда жогорку ылдамдыктагы WiFi орнотулган жана окурмандардын колдонуусуна сунушталган 27 орундуу 2 компьютердик залы да бар.

Миссиябыз: университетибиздин билим берүү, тарбия, изилдөө иштери жана социалдык кызматтарды талап кылган маалыматка жетүү үчүн азыркы замандагы жана дүйнөлүк мүмкүнчүлүктүктөрдү берүү, өрнөк университеттин китепканасы болуп элге кызмат тартуулоо.

Көздөгөн максатыбыз: китепкананын көздөгөн максаты - университетибиздин билим берүү, тарбия жана изилдөө программалары үчүн керектөө алкагында, маалыматты кызмат көрсөтүлгөн тараптарга заманбап компьютер жана түйүн технологияларын колдонуп, ылдам жана үнөмдүү формада убакыт жана мейкиндиктен көз карандысыз тартуулаган, кесиптик тилектештик, кызматташууга таянып, бирге иш алып баргандар менен чогуу өнүгүүлөрдөн артта калбаган, учурдун талабына жооп берген эң алдыңкы маалымат жана маалымат булактарынын борбору же үйрөнүү борбору болуу.

Толук маалымат алуу үчүн веб-баракчабызга кириңиз...